Трамп G-7 Саммитин бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданууда
Бул тууралуу Трамптын Твиттер барагында маалымат орун алган.
АКШнын президенти Донльд Трамп, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен видео конференция ыкмасы менен өткөрө турганын жарыялаган G-7 жыйналышын бетме-бет өткөрүүнү ойлогонун жарыялады.
Трамп, Твиттер барагынан 10-12-июнь күндөрүндө борбор шаар Вашингтон DCге жакын жердеги «Кэмп Дэвид» кампусунда өткөрүлүшү пландалган бирок кийин пандемиянын себебинен онлайн чөйрөсүнө көчүрүлгөн G-7 Лидерлер саммити тууралуу маалымат берди.
АКШнын нормалдашуу процессине киргенин түшүндүргөн Трамп: «G-7 Лидерлер саммитин ошол эле күндөрдө же дагы жакынкы күндө Вашингтон DCдеги легендарлуу Кэмп Дэвидде өткөрүүнү ойлоодомун. G-7нин берки мүчөлөрү дагы нормалдашуу процессин баштоодо. Бул (жыйналыштын бетме-бет өтүшү) бардык нормалдашууларга чоң билдирүү болот»,деген серебин салды.