Трамп өлкөсүндө экономикалык калыбына келүүнүн укмуш болгонун айтты
Трамп, Швейцариянын Давос кыштагында өткөн 50-Дүйнөлүк экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө 2 жыл мурда бул жерде «Чоң Американын кайра келишин» баштагандарын айтканын эске салды.
АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөсүндө экономикалык калыбына келүүнүн укмуш болгонун айтты.
Трамп, Швейцариянын Давос кыштагында өткөн 50-Дүйнөлүк экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө 2 жыл мурда бул жерде «Чоң Американын кайра келишин» баштагандарын айтканын эске салды.
АКШнын президенти Трамп: «Бүгүнкү күндө АКШнын, дүйнөнүн мындан мурда эч көрбөгөндөй түрдө экономикалык секирик менен коштолгон абалда болгонун жарыялаганым үчүн сыймыктанамын»,-деп айтты.
Сөзүндө рекорддук деңгээлде төмөн жумушсуздукка, биржадагы кирешелерге, Кытай менен кол коюлган биринчи этап соода келишимине, АКШ Сенаты бекиткен АКШ-Мексика-Канада келишимине токтолгон Трамп, өлкөсүндө экономикалык калыбына келүүнүн укмуш болгонун айтты.
Трамп: «Америка өсүүдө, Америка байууда, Америка мындан мурда эч болуп көрбөгөндөй кайра пайда табат»,-деди.
Дональд Трамп сөзүндө АКШнын Дүйнөлүк экономикалык форумунун жер шарында 1 триллион көчөт отуругузуу демилегсине катыша турганын да маалымдады.
Сөз сүйлөөсүнөн кийин Давосто дүйнөлүк лидерлерди жана иш дүйнөсүнүн алдыңкы ысымдары менен жолугушуусу пландалган Трамптын эртең Давостогу программасын бүтүрүп АКШга кайтуусу күтүлүүдө.