Трамп Орусиянын G7ге кошулуусун каалайт

АКШнын президенти Дональд Трамп, Овал офисте журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1256289
Трамп Орусиянын  G7ге кошулуусун каалайт

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын G7 тобуна кайтуусунун ылайыктуу болоорун билдирди.

Трамп, кечээ Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен болгон бетме-бет жолугушуусунун алдында Овал офисте журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусияны кайрадан G7нин ичине кошуп бул топту G8 кылууну каалагандарын айткан Трамп: «Орусиянын да бул топтун ичинде болушунун ылайыктуу болоорун ойлоодомун»,-деп айтты.

Трамп, Орусиянын G8ден чыгарылышы темасында да мурдагы президент Барак Обаманы сынга алды.

АКШнын президенти өткөн жылы июнь айында да Орусияны топко кошуунун G7 үчүн киреше боло турганын айткан.

АКШ, Германия, Англия, Жапония, Франция, Канада жана Италиядан турган G7, бир эле убакта дүйнөнүн эң чоң экономикасына ээ болгон 7 өлкөнүн тобу катары да белгилүү.

1998-жылдан 2014-жылга дейре 8 өлкө мүчөсү болгон жана G8 деп билинген топ, 2014-жылы Орусиянын Крымды аннекциялоосунун себебинен бул топтон чыгарылышынын натыйжасында G7 деп атала баштаган.

Бир тараптан Трамп, АКШнын Москвадагы элчилиги милдетине мамлекеттик катчынын орун басары Жон Салливанды дайындоонун «жакшы тандоо болоорун» айтты.

Нью-Йорк Таймс гезити Трамптын Салливанды аталган миссияга талапкер көрсөтө турганын жазган.

АКШнын президенти Трамп, Ооганстанда уланган тынчтык сүйлөшүүлөрү туурасында да, «Бул жердеги согуш 18 жылдан бери уланууда, бул макоолук»,-деп айтты.

Ооганстан темасында бардык тараптар менен сүйлөшкөндөрүн белгилеген Трамп: «Ушул убакка дейре жолугушуулар жакшы жүрүүдө. Кааласак бул жердеги согушту 1 аптада бүтүрөмүн, бирок 10 миллион ооганды өлтүргүм келбейт»,-деди.

Трамп, Ооганстандын «коркунучтуу бир жер» болгонун белгилеп, «көздөрүн аймактан албай тургандарына» басым жасады.

АКШнын президенти, өлкөсүнүн Ооганстандан толугу менен чыгып чыкпай турганы тууралуу сүйлөшүүлөрүн уланта тургандарын айтты.

Трамп, Пакистан жана Индиянын ортосундагы Кашмир маселесине да токтолуп, «Жамму Кашмир абдан баш аламан жер. Индустар менен мусулмандардын бири-бирилери менен абдан жакшы түшүнүшкөндөрүн айта албаймын» деген серебин салды. Жуманын акырында Францияда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолуга турганынын маалыматын бөлүшкөн Трамп: «Кашмир темасында арачылык кылуу үчүн колумдан келгендин эң жакшысын кыламын»,-деди.


Этикеткалар: #G8 , #G7 , #АКШ , #Италия , #Орусия , #Трамп

Тектеш кабарлар