Тунецтин экспорту өстү

Анын көлөмү 100 миллион долларга жакындады.

1349709
Тунецтин экспорту өстү

Түркиянын 2019-жылдагы тунец экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 53 пайыз өсүп 97 миллион долларга жетти.

Эгей экспортчулары бирикмесинин маалыматына караганда, 2018-жылы 4 миң 461 тонна тунец экспорттолуп андан 63 миллион 330 миң долларлык киреше түшкөн.

Тунецтин экспорту өткөн жылы 53 пайыз өстү.

Ушундайча Түркиянын тунец экспортунун көлөмү 97 миллион 400 миң долларга жетти.

Экспорт боюнча биринчи орунда 79 миллион доллар менен Япония турса, бул өлкөдөн кийин 14 миллион доллар менен Түштүк Корея жана 2,7 миллион менен АКШ турат.



Тектеш кабарлар