Туристтер Түркияда соода кылууну жактырышат
Туристтер орточо канча лира сарпташты?
Түркияга келген туристтер быйылкы жылдын алгачкы 7 айында кылган соода-сатык өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу орто эсеп менен 70 пайыз өстү.
Дүйнөнүн жалпысында салыксыз соода жүгүрткөн Global Blue компаниясынын көрсөткүчтөрүнөн алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдын алгачкы 7 айында Түркияда кылган соода-сатыкты өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 85 пайыз көбөйткөн кытайлыктар орточо 5 миң лира сарпташты.
Ушул эле мезгилде орточо 6 миң 782 лира сарптаган катардыктар биринчи орунду ээлесе, андан кийин 6 миң 441 лира менен Бириккен Араб Эмирликтери, 5 миң 412 лира менен Германия турат.
Быйылкы жылдын биринчи 7 айында Түркияда кылган соода-сатыкты өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 182 пайыз көбөйткөн израилдик туристтер көңүлдөрдү бурса, 161 пайыз менен Египет, 138 пайыз менен Ирак жана 124 пайыз менен Ливиядан келген туристтер алдыга чыкты.