Туристтердин Кападокияга болгон кызыгуусу артууда

Кападокияга келген туристтердин саны рекорддук деңгээлге жакындап баратат.

1270958
Туристтердин Кападокияга болгон кызыгуусу артууда

Түркиянын негизги туристтик аймактарынан Кападокиядагы музей жана тарыхый жерлерди быйылкы жылдын январь-август мезгилинде 2 миллион 522 миң 378 турист кыдырды.

Табигый жаратылышы, жарчалардан турган өрөөндөрү, жер астындагы үйлөрү, тарыхый монастырлары, үңкүр отелдери, ысык аба үйлөтүлгөн шар турлары сыяктуу ар түрдүү саякаттар менен туристтерди өзүнө тарткан Кападокияга жылдын 8 айлык мезгилинде келген туристтердин саны 2018-жылга салыштырмалуу 28 пайыз, 2017-жылга караганда 72 пайыз, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 139 пайыз өсүп 2 миллион 522 миң 378ге жетти.

Дүйнөнүн төрт тарабынан келген туристтердин саны акыркы беш жылдын эң жогорку көрсөткүчүн түздү. Кападокияны 2015-жылдын биринчи 8 айлык мезгилинде 1 миллион 894 миң 86, 2016-жылы 1 миллион 57 миң 395, 2017-жылы 1 миллион 467 миң 682, өткөн жылы болсо 1 миллион 958 миң 764 турист кыдырды.

Быйылкы жылдын январь-август мезгилинде музей жана тарыхый жерлерге чоң кызыгуу болсо, туристтер эң көп Гөреме ачык асман алдындагы музейди кыдырышты.



Тектеш кабарлар