Түрк аба жолдорунан жаңы акция...

Түрк аба жолдору арзан баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.

1266771
Түрк аба жолдорунан жаңы акция...

Түрк аба жолдору Түштүк Европага саякат кыла турчу жүргүнчүлөрүнө арзан баадагы билет акциясын баштады.

Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, бул акция Стамбул менен Анкарадан Италия, Испания, Франция, Мальта, Португалия жана Грецияда 25 жерге арзан баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.

Саналуу орундук үчүн бул акциядан пайдаланууну каалаган жүргүнчүлөр, 10-20-сентябрда сатып ала турган билеттер менен 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин толук акысы 119 доллардан башталган баада уча алышат.

Түрк аба жолдорунун расмий интернет баракчасында жарыяланган бул баанын билет сатуу офистеринде өзгөрүшү мүмкүн экени боюнча эскертилди.



Тектеш кабарлар