Түрк аба жолдорунун Орусиядагы билет сатуу-таркатуу каналдарын кеңейтүү аракети

Орусиянын борбор калаасы Москвада өткөн кол кою аземине Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, THYнын Орусия боюнча башкы директору Туран Ярдымжы менен катар көп сандаган жоопту кызматкерлер менен чакырылгандар катышты.

1158427
Түрк аба жолдорунун Орусиядагы билет сатуу-таркатуу каналдарын кеңейтүү аракети

Түрк аба жолдору(THY) менен Сирене жана TCH Резервация системаларынын ортосунда Орусиядагы билет сатуу-таркатуу каналдарын кеңейтүү үчүн кызматташуу келишимине кол коюлду.

Орусиянын борбор калаасы Москвада өткөн кол кою аземине Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, THYнын Орусия боюнча башкы директору Туран Ярдымжы менен катар көп сандаган жоопту кызматкерлер менен чакырылгандар катышты.

Түрк аба жолдору(THY) менен Сирене жана TCH Резервация системаларынын ортосунда кол коюлган келишим менен билет сатуу-таркатуу каналдары кеңейтилип Орусияда дагы көп кардарга жетүү максатталууда.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн THYнын маркетинг жана сатуу боюнча башкы директорунун орун басары Ахмет Олмуштур, 10 башка шаарына каттамы болгон Орусиянын абдан чоң дестинация экенин белгилеп, «Бүгүн түзгөн келишим менен Орусияда дагы кеңири массага жетебиз. Жүргүнчү көлөмүбүздүн биринчи этапта 10-15 пайызга арта турганын ойлоодобуз»,-деди.

TCH төрагасы Михаил Баскаков болсо THY менен тарыхый бир келишимге кол койгондоруна басым жасап, «THY дүйнөнүн эң чоң транспорт фирмасы. Түзгөн келишим менен THYнын Орусия базарында сатуу желесинин кеңейтилишине салым кошула турганын ойлоодобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар