«Түрк агымы» газ кууру

Алгач 1 миллиард куб метр газ жөнөтүлдү.

1348962
«Түрк агымы» газ кууру

Орусиянын «Газпром» ишканасы «Түрк агымы» газ куурунан алгач 1 миллиард куб метр газ жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Газпромдун билдирүүсүнө караганда, айдын башында ишке киргизилген «Түрк агымы» кууру аркылуу 1 миллиард куб метр газдын 54 пайызы Түркияга, 46 пайызы болсо Болгария-Түркия чек арасына жөнөтүлдү.

Орус газын Түркия жана Түркия аркылуу Европага жеткирген «Түрк агымынын» ачылышы 8-январда президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин тарабынан ишке ашкан болчу.



Тектеш кабарлар