Түрк балы эң көп Германияга сатылды

Түркия жылдын биринчи он айында жыйырма бир миллион жети жүз сексен беш миң алты жүз жыйырма үч долларлык бал экспорттоду.

1087218
Түрк балы эң көп Германияга сатылды

Түркия жылдын биринчи он айында жыйырма бир миллион жети жүз сексен беш миң алты жүз жыйырма үч долларлык бал экспорттоду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоцасиясынан берилген маалыматка караганда жылдын биринчи он айлык мезгилинде кырк төрт өлкөгө беш миң төрт жүз элүү сегиз тонна бал сатылды.

Тышка бал сатууда эки миң эки жүз жети тонна менен Германия биринчи орунду алды. Бул өлкөгө жасалган экспорттон он миллион жүз он алты миң тогуз жүз тогуз доллар киреше кирди.

Бул мезгилде АКШга  беш миллион отуз алты миң жүз жыйырма беш доллар, Испанияга бир миллион үч жүз жыйырма төрт миң он алты доллар, Сауд Аравияга болсо бир миллион эки жүз сексен миң төрт жүз он беш долларлык бал сатылды.

Чыгыш Кара деңизден да Сауд Арабия, Германия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине үч жүз жыйырма жети миң төрт жүз кырк жети долларлык отуз беш тонна балл экспорттолду.

 



Тектеш кабарлар