Түрк балынан 7 айда 26,2 миллион долларлык киреше түштү

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, жылдын 7 айында Түркиядан 56 өлкөгө бал экспорттолгондугун айтты.

1866179
Түрк балынан 7 айда 26,2 миллион долларлык киреше түштү

Түркиянын 2022-жылдын январь-июль айларындагы бал экспортунан 26 миллион 226 миң 544 долларлык киреше түштү.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Сафет Калёнжу, жылдын 7 айында Түркиядан 56 өлкөгө бал экспорттолгондугун айтты.

Бул мезгилде 9 миң 923 тонна бал экспортунан 26 миллион 226 миң 544 долларлык киреше алынганын белгилеген Калёнжу, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 4 миң 268 тонна бал сатылып, 14 миллион 910 миң долларлык кирише түшкөнүн айтты. 

Калёнжу бал экспортунун көлөмү жагынан 133 пайызга, нарк жагынан 76 пайызга өскөнүн белгилеп: «Эң көп экспорт кылынган өлкөлөр АКШ, Германия жана Испания болду. АКШга 9 миллион 286 миң 358 доллар, Германияга 3 миллион 904 миң 203 доллар, Испанияга 3 миллион 378 миң 193 долларлык бал сатылды»,- деди.

Балдын экспортунда өлкөлөрдүн түрдүүлүгүнүн артканына көңүл бурган Калёнжу былтыркыдан айырмаланып бул мезгилде Словения, Перу, Мальдив аралдары, Дания, Ливан, Йемен, Түштүк Африка Республикасы, Ирак, Венесуэла, Барбадос, Мавритания, Либерия, Бангладеш, Түндүк Македония, Тайвань жана Португалияга да бал сатылганын белгиледи.


Этикеткалар: #Балдын экспортунда

Тектеш кабарлар