Түрк чайын эң көп бельгиялыктар ичти
Бул жылдын 9 айында Түркиядан Бельгия жана башка 105 өлкөгө 12 миллион 182 162 доллардык чай экспорттолду.
Бул жылдын 9 айында Түркиядан Бельгия жана башка 105 өлкөгө 12 миллион 182 162 доллардык чай экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда 2020 - жылдын январь - сентябрь айларында 105 өлкөгө 3 109 тонна чай сатылды. Экспорттон 12 миллион 182 162 доллар валюта киреше алынды.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде 3 00 88 тонна чайдан 10 миллион 771 525 доллар киреше алынгандыгын эске алганда, чай экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү 0,7 пайызга, наркы 13 пайызга жогорулады.
Түркиянын чай экспортунда 3 миллион 991 715 доллар менен Бельгия биринчи орунду алды. Бул өлкөгө 936 тонна чай экспорттолду. Бельгиядан кийин 1 миллион 659 629 доллар менен Германия жана 864 594 доллар менен Америка келди.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде чай экспорттолбогон Панама, Танзания, Мали, Багам аралдары, Кабо-Верде, Эстония, Судан, Индонезия, Буркина-Фасо, Вьетнам, Сербия, Габон жана Маврикийге да чай сатылды.