Түрк фундугу Кытайда таанытылды

1 -  январдан 11 -  ноябрда Кытайга жасалган фундук экспортунун 9 миң 574 тоннага жетти.

1305686
Түрк фундугу Кытайда таанытылды

Кара деңиз фундук жана продукцияларын экспортчулар биримдигинин (KFMİB) төрагасы Иляс Эдип Севинч 1 -  январдан 11 -  ноябрда Кытайга жасалган фундук экспортунун 9 миң 574 тоннага жеткендигин белгиледи.

KFMİBден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул жылы экинчиси өткөрүлгөн Кытай Эл аралык Экспорт Жарманкесинде стенд ачылгандыгы билдирилди.

Стенддин өнөр жай жана соода министринин орун басары Гонжа Йылмаз Батур менен Түркия Экспортчулар Парламентинин төрагасы Исмаил Гүлле тарабынан ачылгандыгы билдирилген маалыматта жарманкеге келгендерге упаковкаланган куурулган фундук жана түрдүү продукциялардан ооз тийгизишти.

Иш чара тууралуу маалымат берген KFMİBнин төрагасы Иляс Эдип Севинч 2000 -  жылы Кытайга 160 тонна фундук экспорттолгондугуна көңүлдөрдү бурду. Севинч : «2001 -  жылы фундук таанытуу группасы тарабынан баштатылган жана азыркы күндө Түркия таанытуу группасынын колдоосу менен улантылып жаткан таанытуу иш чараларынын бир жыйынтыгы катары 2019 -  жылы 1 -  январдан  11 -  ноябрга чейин  Кытайга  жасалган фундук экспорту 9 миң 574 тоннага жогорулап, 75 миллион доллар киреше алынды. Бул сан өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 97 пайыздык өсүүгө тең келүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар