Түрк лососунун экспортунда өсүү

Кара деңизден январь  -  июль мезгилинде жылдык базада 101 пайыздык өсүү менен 46 миллион 461 миң долларлык түрк лососу экспорттолду.

1867167
Түрк лососунун экспортунда өсүү

Кара деңизден январь  -  июль мезгилинде жылдык базада 101 пайыздык өсүү менен 46 миллион 461 миң долларлык түрк лососу экспорттолду. 

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Көзөмөл кеңешинин мүчөсү жана Балык сектору комитетинин төрага орун басары Илкер Йылдырым жылдын 7 айында аймактан 11 өлкөгө түрк лососунун сатылганын айтты.

Бул мезгилде Кара деңизден 6 миң 477 тонна түрк лососунун экспорттолгондугун белгилеген Йылдырым, бул экспорттон 46 миллион 461 миң 751 доллар киреше алынганын айтты.

"Өткөн жылы ушул эле мезгилде 4 миң 629 тонналык түрк лососу экспортунан 23 миллион 158 миң 183 доллар киреше алынды. Ушундайча Кара деңизден жасалган экспорт өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көлөмү жактан 40 пайыз, баасы жактан да 101 пайызга өстү",- деди Йылдырым.

Экспортто базардын түрдүүлүгүнө көңүлдөрдү бурган Йылдырым, сөзүн төмөнкүчө улантты : "Россия, Вьетнам жана Япония эң көп лосось сатылган 3 өлкө болду. Бул мезгилде Россияга 20 миллион 987 миң 825 долларлык, Вьетнамга 11 миллион 979 миң 942 долларлык жана Японияга да 4 миллион 678 миң 635 долларлык түрк лососу экспорттолду".

 



Тектеш кабарлар