Түрк рееспубликаларына 5 жылда 24, 5 миллион долларлык экспорт жасалды
Түркиядан 2014 -2018 жылдарда Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан болгон мүчө өлкөлөргө жалпы 24 миллиард 519 миллион долларлык экспорт ишке ашырылды.
Түркиядан 2014 – 2018 жылдары Орто Азиядагы түрк республикаларына 24 миллиард 519 миллион долларлык экспорт ишке ашырылды.
Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКтин маалыматтарына караганда Түркиянын бул өлкөлөр менен тышкы соода көлөмү 5 жылда жалпы 38 миллиард 947 миллион доллар болуп катталды.
Түркиядан 2014 -2018 жылдарда Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан болгон мүчө өлкөлөргө жалпы 24 миллиард 519 миллион долларлык экспорт ишке ашырылды.
Өлкөлөрдүн базасында каралганда эң көп экспорт жасалган өлкө 8 миллиард 889 миллион доллар менен Азербайжан болду. Бул өлкөдөн кийин кезеги менен Түркмөнстан 6 миллиард 835 миллион доллар, Казакстан 3 миллиард 792 миллион доллар, Өзбекстан 3 миллиард 256 миллион доллар жана 1 миллиард 745 миллион долларлык экспорт менен Кыргызстан келди.
Түркиядан жасалган жалпы экспорт сандарына каралганда 2014 - жылы 7 миллиард 107 миллион доллар, 2015 - жылы 5 миллион 289 миллион доллар, 2016 - жылы 3 миллиард 992 миллион доллар, 2017 - жылы 4 миллиард 164 миллион доллар жана 2018 - жылы 3 миллиард 965 миллион доллар болуп ишке ашты.