Түркия 45 өлкөгө бал экспорттоду

Германия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Сауд Арабия эң көп бал экспорттолгон өлкөлөрдүн катарына кирди.

1510391
Түркия 45 өлкөгө бал экспорттоду

Түркиядан жылдын 9 айында 45 өлкөгө 18 миллион доллардан ашуун бал сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 4 миң 101 тонна бал экспорттолду. Аталган экспорттон 18 миллион 196 миң 233 доллар киреше түштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 3 миң 556 тонна бал экспорттоодон 15 миллион 672 миң 422 доллар киреше түшкөн. Буга ылайык, балдын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү боюнча 15 пайызга жана наркы боюнча 16 пайызга өстү.

Германия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Сауд Арабия эң көп бал экспорттолгон өлкөлөрдүн катарына кирди.

Өткөн жылы экспорт жасалбаган Польша, Йемен, Бангладеш, Венгрия, Жибути, Дания, Филиппин, Швейцария, Панама, Түштүк Корея Республикасы, Кабо-Верде жана Гвинея да Түркиядан бал сатып алган 45 өлкөнүн арасында орун алды.



Тектеш кабарлар