Түркия 80 өлкөгө үрөөн экспорттоодо
Ахмет Йылмаз түрк үрөөн секторунун дүйнөдө 11 - орунда экенин белгиледи.
1449896
Үрөөн өндүрүүчүлөр көмөкчү ассоциациясынын төрагасы Ахмет Йылмаз дүйнөнүн 80 өлкөсүнө үрөөн экспорттошкондорун айтты.
Ахмет Йылмаз түрк үрөөн секторунун дүйнөдө 11 - орунда экенин белгиледи.
Дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөсүнө түрк үрөөнү экспорттолгонун айткан Йылмаз : «500 миллион долларлык экспорт кылган, дүйнөдө биринчи беште орун алган бир сектор болууну максат кылуудабыз»,- деди.
Йылмаз : «Бүгүн Түркия бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө чек арасын жапса да бардык өсүмдүк түрлөрүндөгү үрөөн муктаждыгын өзү камсыз кыла алат»,- деди.