Түркия 9 айда 12 миллион конокту тосуп алды

Жылдын 9 айында зыяратчылардын саны 11 миллион 910 миң 338ге жетти.

1519051
Түркия 9 айда 12 миллион конокту тосуп алды

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Түркияга 9 миллион 458 миң 589 чет элдик конок келди.

Маданият жана туризм министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, чет өлкөдө жашап Түркияга келген жарандардын саны болсо 2 миллион 451 миң 749 болду.

Жылдын 9 айында зыяратчылардын саны 11 миллион 910 миң 338ге жетти.

Түркияга январь-сентябрь мезгилинде эң көп зыяратчы жиберген өлкө 1 миллион 421 миң 428 адам менен Россия Федерациясы болду.

Ушул эле мезгилде Германиядан 912 миң 749, Украинадан 772 миң 851 зыяратчы келди.

Эң көп конок жиберген өлкөлөрдүн катарында Украинадан кийин Болгария менен Англия турат.



Тектеш кабарлар