Түркия алты айда 153 өлкөгө курулуш материалдарын экспорттоду

Түркия жылдын биринчи алты айында 153 башка өлкөгө жалпы 1 миллиард 330 миллион 855 миң долларлык курулуш материалдарын экспорттоду.

1268249
Түркия алты айда 153 өлкөгө курулуш материалдарын экспорттоду

Түркия жылдын биринчи алты айында 153 башка өлкөгө жалпы 1 миллиард 330 миллион 855 миң долларлык курулуш материалдарын экспорттоду.

Түркия Статситикалык Мекемеси ТҮИКтин берген маалыматына караганда Түркия бул жылы январь -  июнь айларында өткөн жылдын биринчи жарымына караганда бул курулуш материалдарын экспорттоодон 42 миллион доллар киреше тапты.

Импорттун 2019 -  жылдын биринчи алты айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 13 пайызга азайып, экспортто 3 пайызга өсүү болгондугу белгиленди. Бул жылдын биринчи жарымында 1 миллиард 330 миллион 855 миң долларлык экспорт ишке ашырылып, бул сан өткөн жылы 1 миллиард 287 миллион 989 миң доллар болуп катталган.

Жылдын биринчи алты айында  153 өлкөгө экспорт жасалып, эң көп экспорт жасалган өлкө 364 миллион 462 миң доллар менен Кытай болду. Бул сан жалпы экспорттун 27 пайызын түздү.

Экспортто Кытайдан кийин кезеги менен 126 миллион 504 миң доллар менен АКШ, 65 миллион 181 миң доллар менен Италия, 62 миллион 774 миң доллар менен Индия жана 59 миллион 760 миң доллар менен Испания келди.



Тектеш кабарлар