Түркия былтыр 45 өлкөгө бал экспорттоду

Түрк балы чет өлкөлүктөрдү тамшандырууда.

1345433
Түркия былтыр 45 өлкөгө бал экспорттоду

Түркиядан өткөн жылы 45 өлкөгө 5 миң 548 тонна бал экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 45 өлкөгө экспорттолгон балдан 24 миллион 810 миң 927 долларлык киреше түштү.

Балдын экспортунда Германия 8 миллион 780 миң 672 доллар менен биринчи орунду ээлесе, бул өлкөдөн кийин 4 миллион 288 миң 214 доллар менен АКШ, 3 миллион 88 миң 710 доллар менен Сауд Арабия, 1 миллион 490 миң 68 доллар менен Кувейт жана 775 миң 461 доллар менен Оман турат.

Бул мезгилде Түркиядан мурунку жылы бал экспорттолбогон Болгария, Босния-Герцеговина, Бириккен Араб Эмирликтери, Ливан, Ооганстан, Монголия жана Мароккого да бал сатылды.



Тектеш кабарлар