Түркия фындык экспортунда биринчи орунда турат

Түркия, быйыл январь-октябрь мезгилинде бул өндүрүмдөрдөн 1 миллиард 578 миллион доллардык киреше тапты.

1307953
Түркия фындык экспортунда биринчи орунда турат

Дүйнөлүк фындык өндүрүү жана базарынын чоң бөлүмүн колунда кармаган Түркия, быйыл январь-октябрь мезгилинде бул өндүрүмдөрдөн 1 миллиард 578 миллион доллардык киреше тапты.

Карадениз фындык жана өндүрүмдөрүн экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда Түркия 1-январь-31-октябрдын аралыгында 100дөн ашык өлкөгө 251 миң 293 тонна фындык экспорттоду.

Бул экспорттон 1 миллиард 578 миллион доллар тапкан Түркия, бул мезгилде эң көп фындыкты Италияга сатты.

Бул өлкөгө 66 миң 302 тонна фындык экспорттоп 429 миллион 136 миң доллар тапты.

Италиядан соң эң көп фындык эспорттолгон өлкө Германия, андан кийин Франция орун алды.

Германияга 326 миллион 926 миң долларга 56 миң 117 тонна, Францияга болсо 116 миллион 551 миң долларга 18 миң 148 тонна фындык сатылды.



Тектеш кабарлар