Түркия-Грузия Биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйыны өттү

Соода министри Рухсар Пекжан, Соода министрлигинде ишке ашкан Түркия-Грузия Биргелешкен экономикалык комиссиянын жабылыш жыйналышы жана келишимге кол коюу аземинде сөз сүйлөдү.

1309150
Түркия-Грузия Биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйыны өттү

Соода министри Рухсар Пекжан, Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнавага жеңилдетилген бажы чегинде кызматташтык үчүн иштөө сунушун кылгандарын, бул сунушту ал дагы кабыл алганын билдирди.

Пекжан, Соода министрлигинде ишке ашкан Түркия-Грузия Биргелешкен экономикалык комиссиянын жабылыш жыйналышы жана келишимге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө дос жана тууган эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылдан тарта 1,5 миллиард долларга жеткенин, 3 миллиард доллардык соода көлөмүнө да тең салмактуу соода өсүүсү менен жетүүнү максаттагандарын айтты.

Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 5-кезектеги жыйналышынын алкагында техникалык делегациялардын жолукканын жана ийгиликтүү натыйжаларга жетишкендерин белгилеген Пекжан, бул жыйналыштарга параллель түрдө Биргелешкен Бажы комитетинин жыйналыштарынын дагы министрлердин орун басарлары деңгээлинде жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Пекжан, техникалык делегациялардын өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштарды бардык жактары менен баа бергендерине шилтеме кылып, соодадан инвестицияларга чейин, өнөр жайдан технологияларга, туризмден саламаттык сактоо, транспорт тармактарына чейин бардык темаларды биргелешип карап чыккандарын жана иштерин аяктагандарын сөз кылды.

Пекжан, Эркин соода келишиминин алкагынын кеңейтилиши жана тейлөөлөр секторунун дагы кошулушу боюнча иштеринин эки жактуу түрдө улана турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар