Түркия Иранга медициналык материал жардамын берди

Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда коронавирус эпидемиясына каршы Түркия коңшу өлкө Иранга медициналык материал жардамын берди.

1380003
Түркия Иранга медициналык материал жардамын берди

Түркия жаңы типтеги коронавирустан эң көп таасир алган өлкөлөрдөн Иранга 1000 анализ комплектисин, 4715 комбинезон, 20 миң фартук, 2004 көз айнек, 4 миң N95 маска жана 78 миң үч кабаттуу маска жардамын жөнөттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) тарабынан пандемия деп жарыяланган коронавирус эпидемиясына каршы Түркия коңшу өлкө Иранга медициналык материал жардамын берди.

Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Ирандын Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо тармагында жардам берилиши тууралуу келишимге саламаттык сактоо министринин орун басары Эмине Алп Меше жана Ирандын Анкарадагы элчиси Мухаммад Фаразман тарабынан кол коюлду.

Келишимдин алкагында жардамга берилген материалдар Иранга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар