Түркия Иш жүргүзүү жеңилдиги жагынан дагы 10 баскычка жогорулады

Түркиянын Дүйнөлүк банк даярдаган Иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде (Doing Business Index) өткөн жылы камсыздалган 17 баскыч жогорулоо менен 60-орундан 43-орунга чыкканын эле.

1293878
Түркия Иш жүргүзүү жеңилдиги жагынан дагы 10 баскычка жогорулады

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, Түркиянын Дүйнөлүк банк даярдаган Иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде 43-орундан 33-орунга жогорулаганын белгилеп кетти.

Албайрак, социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө Түркиянын Дүйнөлүк банк даярдаган Иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде (Doing Business Index) өткөн жылы камсыздалган 17 баскыч жогорулоо менен 60-орундан 43-орунга чыкканын эске салды.

Банктын бүгүн жарыяланган 2020-жыл үчүн отчетуна караганда Түркиянын 10 баскыч дагы жогорулап 33-орунга жайгашканын маалымдаган Албайрак: «Министрлигибиздин лидерлигинде жүргүзүлгөн иш жүргүзүү жеңилдиги боюнча реформа иштерине салым кошкон бардык кызматкер жолдошторумду, тийиштүү бардык министрликтер менен мамлекеттик мекемелерде иштегендерди жана Түркиянын Өнөр жай палаталары жана биржалары бирикмесин (ТОВВ) куттуктаймын. Реформаларыбызды улантабыз. Ишти баштоо, салык төлөө жана тышкы соода сыяктуу тармактардагы жетишкендиктерди дагы илгериге алып барабыз. Өзгөчө чыгымдын дагы азайышын, иш турмушунда түшүмдүүлүктүн арттырылышын камсыздоо менен Түркиянын инвестиция климатын эң жогорку деңгээлге чыгарабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар