Түркия килем экспортунда биринчи орунда турат

Түркия килем экспортунан бул жылдын январь  -  сентябрь айларында 1, 8  миллиард долларлык киреше кирди.

1307368
Түркия килем экспортунда биринчи орунда турат

 Түркиянын килем экспортундагы дүйнө лидердиги улантылууда.

Түркия килем экспортунан бул жылдын январь  -  сентябрь айларында 1, 8  миллиард долларлык киреше кирди.

2018 -  жылы 2, 7 миллиард доллар менен дүйнөлүк килем экспортунун лидери болгон Түркия бул тармакта эң жакын атаандашы болгон Бельгиядан бир миллиар доллар айырмасы бар.

Килем экспортунда 2018 -  жылдагы маалыматтарга караганда дүйнөдө эң көп килем экспорттогон экинчи өлкө Бельгия 1, 8 миллиард доллар, үчүнчү өлкө болгон Кытай болсо 346, 3 миллион долларлык эксорт жасады.

Түркиянын 2019 -  жылдын үчүнчү чейрегинен баштап дүйнөнүн төрт тарабына жасаган килем экспорту болсо 1 миллиард 801 миллион доллар болду. Килем экспорту жасалган өлкөлөрдүн арасында АКШ, Германия, Аргентина, Таиланд, Монголия, Мовритания, Жаңы Зеландия жана Австралия сыяктуу бир топ өлкө бар.

Түрк килемдеринин эң чоң базары болгон АКШга жасалган килем экспорту 453 миллион доллардан ашты. АКШдан кийин 277, 9 миллион доллар менен Сауд Арабия, андан кийин 88, 8 миллион доллар менен Германия, 82, 8 миллион доллар менен Ирак жана 81, 9 миллион доллар менен Бириккен Королдук келди.



Тектеш кабарлар