Түркия менен АКШ чогуу иштешип, баардык тоскоолдуктарды ашып өтө алат

Соода министри Рухсар Пекжан АКШнын соода министри Уилбур Росстун катышуусунда Анкарада өткөрүлгөн иш алып баруу тамагына катышты.

1267459
Түркия менен АКШ чогуу иштешип, баардык тоскоолдуктарды ашып өтө алат

Соода министри Рухсар Пекжан, АКШ менен Түркиянын биргеликте иштетип баардык тоскоолдуктарды ашып өтө алаарын белгиледи.

Пекжан АКШнын соода министри Уилбур Росстун катышуусунда Анкарада Түркия палаталар жана биржалар биримдигинде өткөрүлгөн иш алып баруу тамагына катышты.

Министр Пекжан бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Росс менен чогуу Түркиянын өнөр жай көлөмү, жөндөмү жана көрүнүшүнө байланыштуу сектордун өкүлдөрү менен иштиктүү жыйындарды өткөргөндөрүн айтты.

Максаттарынын президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын койгон 100 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүү максатына жетүү экенин айткан Пекжан, бул максатка карата Росс менен апрель айындагы Вашингтон сапарынан тарта иштешкендерин жана ушул алкакта иш алып баруу тобун түзгөндөрүн эске салды.

Тараптардын бири-бирин жакшы түшүнгөндөрүн жана күтүүлөрүнүн эмне экендигин билгендерин айткан Пекжан, ортого салынган максатка жетүү үчүн иш жамаатына карата базистик иштердин да жүргүзүлүүсү керектигин билдирди.

Пекжан айрым секторлордо сооданын алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигин баса белгилеп: «Эки өлкө чогуу иштешип, баардык тоскоолдуктарды ашып өтө алат. Урматтуу Росстун 5 күндүк бул сапары абдан маанилүү жана ошол эле учурда АКШ өкмөтүнүн бул темаларды канчалык олуттуу карагандыгын көрсөтүүдө»,-деди.

АКШнын соода министри Росс да: «Биз бул жерге эки өлкөнүн тең соода кызыкчылыктарын күчтөндүрүү үчүн келдик. Түркия АКШдагы түздөн-түз инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында 15-орунда турат. Түрк ишканаларынын АКШдагы соода көлөмү 700 миллион доллар менен рекорддук деңгээлге жетти. Булардын баардыгынын мындан ары да уланаарына ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар