Түркия менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана тереңдетүү...

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез,Ирандын Президенттик аппаратынын башчысы Махмуд Ваизи жана аны коштогон делегация менен министрликте жолукту.

1271316
Түркия менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана тереңдетүү...

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркия менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана тереңдетүү үчүн чечкиндүү иштөөсүн улантып жаткандарын белгилеп кетти.

Дөнмез, Ирандын Президенттик аппаратынын башчысы Махмуд Ваизи жана аны коштогон делегация менен Түркия-Иран 27-Кезектеги Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйналышын ишке ашырыш үчүн министрликте жолугушту.

Иран делегациясын тосуп алгандыгы үчүн абдан кубангандарын айткан Дөнмез: «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана тереңдетүү үчүн чечкиндүү түрдө иштөөбүздү уланттуудабыз»,-деп айтты.

Дөнмез, эки тараптуу дагы үч тараптуу дагы жолугушууларда бул темадагы чечкиндүүлүктү коомдук пикирге көрсөткөндүктөрүн баса белгилеп: «Буюрса бүгүн Иран менен Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын иштерине баа берген болобуз. Эң жогорку деңгээлде карым-катнаштардын арттырылып уланышы биз үчүн дагы чоң мааниге ээ. Эки өлкөнүн лидерлеринин ортого салган бул көз караш боюнча биз мамлекетти башкаргандар баш болуп мамлекет жеке менчик деп айырмалабастан чоң милдет жана жоопкерчилик түшкөнүн айткым келет»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар