Түркия менен Италиянын соода жүгүртүүсү

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 5 жылда 92 миллиард 731 миллион долларга жетти.

1381540
Түркия менен Италиянын соода жүгүртүүсү

Түркия менен Италиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү акыркы 5 жылда орто эсеп менен 93 миллиард долларды түзүп, соодада мотордуу автоунаалары жана моторлору алдыңкы орунга чыкты.

Акыркы 5 жылда Италияга жалпы 41 миллиард 802 миллион доллардык импорт жасаган Түркия, бул өлкөдөн 50 миллиард 928 миллион доллардык импортту ишке ашырган.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 5 жылда 92 миллиард 731 миллион долларга жетти.

Түркия менен Италиянын ортосунда 2019-жылы 17 миллиард 912 миллион доллардык соода көлөмү ишке ашты.

Өткөн жылы Италияга 9 милиард 300 миллион доллардык экспорт жасалса, бул өлкөдөн 8 миллиард 612 миллион доллардык импорт ишке ашты.

Бир тараптан үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында Италияга 849 миллион 55 миң доллардык экспорт, бул өлкөдөн 570 миллион 546 миң доллардык импорт жасалды.

Түркия өткөн жылда Италияга эң көп мотордуу автоунааларды жана моторлорду импорттоду.

Сөз болгон товарлар жалпы экспорттун орто эсеп менен 25 пайызын жана 2 миллиард 300 миллион долларды түздү.

Бул өлкөгө жасалган экспортто экинчи орунду 904 миллион 132 миң доллар менен темир болот башкы өнөр жайы ээледи.

Мындан кийин  649 миллион 659 миң доллардык экспорт менен өсүмдүк товарлары, коон-дарбыз, мөмө жана жемиштер ээледи, 463 миллион 758 миң доллар менен тазаланган мунай зат товарлары, 391 миллион 638 миң доллар менен башка жерде категорияланбаган үй эмеректери ээледи.

Бир тараптан кийим, мотордуу автоунааларынын моторлоруна байланыштуу тетиктер жана бөлүкчөлөрү, текстил жиптери жана токуу тармагы менен химиялык заттар да Италияда экспортто алдыңкы орунга чыккан товарлар болду.

Италиядан Түркияга өткөн жылда эң көп импорт товарлары 1 миллиард 19 миллион доллардык жалпы максаттуу машиналар катары катталды.

Эң көп сатып алынган экинчи товар болсо 859 миллион 736 миң доллардык берки химиялык товарлар болду.

Буларды катары менен 805 миллион 55 миң доллар менен атайын максаттуу машиналар, 552 миллион 827 миң доллар менен негизги химиялык заттар ээледи.



Тектеш кабарлар