Түркия менен Пакистан эркин соода келишимине кол коет

Алви, Стамбулга жасаган сапарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшкөндөрүн айтты.

1081071
Түркия менен Пакистан эркин соода келишимине кол коет

Пакистандын президенти Ариф Алви, Түркия менен Пакситандын жакында эркин соода келишимине кол кое тургандарын жарыялады.

Пакистандын президенти Ариф Алви, Карачинин соода жана өнөр жай министри палатасы уюштурган бир жарманкеде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Пакистандын ортосундагы соода карым-катнаштарына токтолду.

Алви, Стамбулга жасаган сапарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшкөндөрүн айтты.

Алви: «Жакында Түркия жана Пакистан эркин соода келишимине кол коет. Эки тараптуу сооданы арттырыш үчүн дагы олуттуу жана так кадамдардын ташталышы керектигине чечим чыгардык»,-деп айтты.

Түрк инвесторлордун Пакистанга карай кызыгуусунан сөз кылган Алви: «4 түрк фирмасы Пакистанга 1,5 миллиард доллардык инвестиция салыш үчүн даяр»,-деди.

29-октябрда Республика майрамы жана Стамбул аэропортунун ачлышы үчүн Түркияга келген Алви, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолуккан.



Тектеш кабарлар