Түркия өткөн жылы 120 өлкөгө чай сатты

120 өлкөгө экспорттолгон 500 тонна чайдан 19 миллион 575 миң 574 доллар киреше алынды.

1762223
Түркия өткөн жылы 120 өлкөгө чай сатты

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, 120 өлкөгө экспорттолгон 5 миң 500 тонна чайдан  19 миллион 575 миң 574 доллар киреше алынды.

Бельгия, Германия, Америка Кошмо Штаттары, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Нидерландия жана Франция чай сатуудан эң көп киреше алынган өлкөлөр болду.

Өткөн жылдагыдан айырмаланып, бул мезгилде 16 өлкөгө, анын ичинен Хорватия, Литва, Египет жана Венгрияга чай жөнөтүлдү.

Өткөн жылы ишке ашырылган экспорт, 4 миң 750 тонна чайдан  17 миллион 436 миң 542 доллар киреше алынган 2020 - жылга салыштырмалуу көлөмү  жактан  16 пайыз, нарк боюнча  12 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар