Түркия өткөн жылы 277 миллион жуп бут кийим экспорттоду

2018 -  жылы Түркиянын  249 миллион жуп  бут кийим экспорту 2019 -  жылы 11, 2 пайыздык өсүү менен 277 миллион жупка жетти.

1352907
Түркия өткөн жылы 277 миллион жуп бут кийим экспорттоду

2018 -  жылы Түркиянын  249 миллион жуп  бут кийим экспорту 2019 -  жылы 11, 2 пайыздык өсүү менен 277 миллион жупка жетти.

Экспортчулардын бул сатуулардан алган киршеси болсо 4, 6 пайыздык жогорулоо менен 891 миллион доллардан 923 миллион долларга жетти.

Бут кийимде өткөн жылы эң көп экспорт 106 миллион доллар менен Орусияга жасалды. Орусиядан кийин 70 миллион доллар менен Ирак, 59 миллион доллар менен Германия болду.

Сауд Арабия жана Испания 47 миллион долларлык экспорт менен төртүнчү жана бешинчи орунду алды.

Биринчи ондо орун алган башка өлкөлөр 39, 4 миллион доллар менен Румыния, 28, 4 миллион доллар менен Ливия, 26, 7 миллион доллар менен Италия, 25, 6 миллион доллар менен Британия жана 23, 4 миллион доллар менен Израиль тизмеленди.

2019 -  жылы көңүлдөрдү бурган экспорт өсүшү Кытайга болду. Кытайга жасалган бут кийим экспорту өткөн жылы 168 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар