Түркия Өзбекстандагы фирма санын көбөйтүүдө

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин жарыясында өлкөдө иш алып барган чет элдик компаниялар туурасында маалымат берилди.

1361567
Түркия Өзбекстандагы фирма санын көбөйтүүдө

Түркия, Өзбекстанда эң көп фирма курган үчүнчү өлкө болду.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин жарыясында өлкөдө иш алып барган чет элдик компаниялар туурасында маалымат берилди.

Өлкөдө чет элдик капитал менен курулган жалпы 10604 фирма болсо, 1306 фирма менен Түркия чет элдик капитал менен эң көп фирма курган өлкөлөрдүн катарында Орусия жана Кытайдан кийин үчүнчү орунду алды.

Билдирүүгө караганда Өзбекстанда Орусия капиталдуу 1864, Кытай капиталдуу 1690, Түрк капиталдуу 1306, Казак капиталдуу 827, Жапон капиталдуу 824 жана башка өлкөлөр курган 4093 фирма ишин жүргүзүүдө.

Өлкөдө курулган чет элдик капиталдуу фирмалардын чоң бөлүмүнүн өнөр жай, соода жана курулуш тармактарында иш алып барса, өнөр жай секторунда 3758, соода секторунда 2645, курулуш секторунда 824, айыл чарба, балык жана токой чарба секторунда 591, тейлөөлөр секторунда 472, тарнспорт жана логистика секторунда 284, информация жана байланыш секторунда 274, саламаттык сактоо жана социалдык сектордо 148 фирма ишин жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар