Түркия туристтер эң көп келген алтынчы өлкө

Дүйнөлүк туризм уюму, эң көп турист тосуп алган өлкөлөрдү атады.

1357438
Түркия туристтер эң көп келген алтынчы өлкө
ingiliz turistler.jpg
Turkiye turistler.jpg

Түркия өткөн жылы туристтер эң көп келген алтынчы өлкө болду.

Дүйнөлүк туризм уюмуна караганда 2019-жылы эң көп турист тосуп алган өлкөлөр аталды.

Буга караганда өткөн жылы Республика тарыхынын рекордун койгон Түркия, келген туристтердин санында мурдагы жылга салыштырмалуу 14 пайыздык өсүү болуп, 52 жарым миллион туристти коноктоду.

Бул сан боюнча дүйнөдөгү эң көп турист тосуп алган өлкөлөрдүн тизмесинде Түркия алтынчы оорунду ээледи.

Ушул эле тизмеде 90 миллион турист менен Франция биринчи оорунду ээледи.

Франциядан кийин 83,8 миллион турист менен Испания турат. АКШ 78,7 миллион турист менен үчүнчү, Кытай 67,5 миллион турист менен төртүнчү, Италия 64,6 милилон турист менен бешинчи орунду ээледи.

Түркия менен бирге Мексика, Таиланд, Германия жана Англия алдыңкы 10 өлкөнүн арасында орун алды.

Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстан эң ылдам өскөн алдыңкы 20 туристтик жердин тизмисине кирди.

Өткөн жылы эң көп турист жоготкон өлкөлөрдүн тизмесинде болсо биринчи орунда Гонконг турат.



Тектеш кабарлар