Түркия жана Орусиядан тышкаркы бир топ өлкө IMFтен жардам сурады
Пол Томсен, Европанын жаңы типтеги корнавирус (COVID-19) кризиси жана IMFтин иш-аракети тууралуу бир блок жазуусун жазды.
Эл аралык Валюта Корунун (IMF) Европа департаментинин директору Пол Томсен, Түркия жана Орусиядан тышкаркы Ортоңку жана Чыгыш Европадагы Европа Биримдигинен тышкаркы өнүгүп келе жаткан 9 экономиканын көбүнүн IMF'nin ылдам финансылык колдоосунун алкагында, шашылыш жардам кайрылуусун жасаганын билдирди.
Пол Томсен, Европанын жаңы типтеги корнавирус (COVID-19) кризиси жана IMFтин иш-аракети тууралуу бир блок жазуусун жазды.
Ковид-19дун Европаны катуу түрдө урганына көңүл бурган Томсен, кризистин канчалык улана турганы билинбесе дагы оор экономикалык таасири боло турганын маалымдады.
ИМФтин жардамына муктаж болгон өнүгүп бара жаткан экономикаларга токтолгон Томсен: «Түркия жана Орусиядан тышкаркы Ортоңку жана Чыгыш Европадагы Европа Биримдигинен тышкаркы өнүгүп келе жаткан 9 экономиканын көбүнүн IMFтин ылдам финансылык колдоосунун алкагында, шашылыш жардам кайрылуусун жасады»,-деп айтты.
Томсен, Ковид-19 кризисинен келип чыккан кысымдарга каршы IMFтин орто эсеп менен 50 миллиард доллардык курч кырдаал программасынан пайдаланууга аракет кылган 70тен ашык өлкө бар экенин дагы кыстара кетти.