Түркияда 2018-жылдын өсүүлөрү кайрадан божомолдордон жогору болот
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда «Област башчылары менен кеңейтилген форматтагы» жыйналышта сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда 2018-жылдын өсүүлөрү кайрадан божомолдордон жогору боло турганын айтты.
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда «Област башчылары менен кеңейтилген форматтагы» жыйналышта сөз сүйлөдү.
Эрдоган, бир жагынан террордук уюмдарга каршы типтик турганда экинчи тараптан демократиялык жана экономикалык өнүгүүлөрүн күчтөндүрүп жаткандарын айтты.
Эрдоган: «2017-жылы Түркиянын 3-3,5 пайызга өсө турганын айтышты, биз 7 пайызга өстүк»,-деди.
Курс, пайыз, инфляция үчтүгүндө курулган оюндарга карабастан 2018-жылдын өсүүлөрүнүн да кайрадан божомолдоолордон жогору боло турганын айткан Эрдоган, улуттук кирешеде сатып алуу паритетине караганда дүйнөдө 13-орунда болгон Түркиянын, жылдын акырында андан кийинки баскычка чыгуусуна таң калбоо керектигине басым жасады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.