Түркияда фундуктун экспорту

Фундуктун экспортунан түшкөн киреше артууда.

1466852
Түркияда фундуктун экспорту

Түркиядан 11 айда 331 миң 65,9 тонна фундук экспорттолуп андан 2 миллиард 226 миллион доллар киреше түштү.

Кара деңиз фундук азыктары жана экспорттоочулар ассоциациясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, сезондук мезгил болгон 2019-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-июлуна чейин табигый фундуктун маңызы (100 килограмм) орто эсеп менен 695 доллардан сатылды.

Аталган мезгилде 331 миң 65,9 тонна фундук экспорттолуп андан 2 миллиард 226 миллион 50 миң 130 долларлык киреше түштү.

Түркия, өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 261 миң 820 тонна фундук экспорттоп андан 1 миллиард 544 миллион 114 миң 395 долларлык киреше тапкан.



Тектеш кабарлар