Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү

Түркиянын статистика мекемеси, январь айынын жумушсуздук көрсөткүчүн жарыялады.

2113635
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү

Түркияда январь айында жумушсуздук 9,1 пайызды түздү.

Түркиянын статистика мекемеси, январь айынын жумушсуздук көрсөткүчүн жарыялады.

Буга караганда жумушсуздуктун деңгээли 9,1 пайызды түздү.

Эркектерде жумушсуздук деңгээли 7,7 пайыз, аялдарда 11,7 пайыз болду.

Иш менен камсыз болгондордун саны январь айында мурунку айга салыштырмалуу 160 миң кишиге өсүп, 32 миллион 222 миң кишиге жетти.

Жумуштуулук көрсөткүчү болсо 0,2 пунктка өсүп, 49 пайызды түздү.

Бул мезгилде жумуш күчүнө кошулуу деңгээли 0,3 пунктка өсүп, 53,9 пайыз болду.



Тектеш кабарлар