Түркияда зер буюмдарынын экспорту өстү

Июнь айынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1452873
Түркияда зер буюмдарынын экспорту өстү

Түркияда зер буюмдарынын экспорту, 1-30-июнь күндөрүнүн аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга көбөйүп 345 миллион долларды түздү.

Зер буюмдарын экспорттоочулар ассоциациясы, июнь айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда, 2020-жылдын биринчи алты айында зер буюмдарын экспорттоодогу эң чоң үлүш, 74 пайыздык өсүү менен "алтын куйма" башкача айтканда "Иштелбеген же жарым иштетилген алтын" болду.

Зергерчилик тармагы, июнь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспортту эң көп көбөйткөн экинчи тармак болду.



Тектеш кабарлар