Түркиядагы "Тамак ашты корго" акциясына БУУдан мактоо айтылды

БУУнун Азык-түлүк жана талаа уюму (FAO) Орто Азия боюнча астыңкы аймак координатору жана Түркия боюнча өкүлү Виорел Гутунун мактоолору.

1420675
Түркиядагы "Тамак ашты корго" акциясына БУУдан мактоо айтылды

БУУ Түркияда азык-түлүк ысырапкорчулугуна каршы жүргүзүлгөн акциядан үлгү алынса боло турганын жарыялады.

БУУнун Азык-түлүк жана талаа уюму (FAO) Орто Азия боюнча астыңкы аймак координатору жана Түркия боюнча өкүлү Виорел Гуту, талаа жана токой чарба министрлиги менен ФАО өнөктөштүгүндө ишке ашкан «Азык түлүктү корго» акциясынын таанытуу жыйналышына видео конференция ыкмасы менен катышты.

Жалпы дүйнөдө өндүрүлгөн азык-түлүктүн 14 пайызынын жыйноодон чекене сатууга чейин жок болгонун белгилеген Гуту: «Дүйнөдө 820 миллион адамдын ар түндө төшөккө ачка жатканы эске алынганда мынча тамак аштын жоголуп жатышы же ысырап кылынып жатышы  ахлактык жактан кабыл алынгыс»,-деди.

Гуту Түркияда жылдык 300 миллион нан жана 2,8 миллиард лиралык үнөмдөө менен натыйжаланган жана нанды ысырап кылуунун алдын алууну максаттаган чоң маалымдуулук акциясына кол койгондорун эске салып, сөз болгон акциянын маалымдуулуктуу арттырып эле калбастан так жыйынтыктарды өндүргөн улуттук акция үлгүсү болгонун кеп кеп кылды.

Түркия берки өлкөлөр үчүн да жакшы үлгү боло турганын айткан Гуту, тамак аштын өндүрүлүүсү жана талапталуу формасы тууралуу  демилге көтөрүүнүн убагы келгенин коушчалады.                                                                                                                                    


Этикеткалар: #БУУ , #БУУ Түркияда

Тектеш кабарлар