Түркиядан 146 өлкөгө кофе экспорттолду
Бул экспорттон түшкөн киреше 57 миллион 491 миң 128 долларга жетти.
2113665
Түркия өткөн жылы 146 өлкөгө 8 миң 652 тонна кофе экспорттоп, 57 миллион 491 миң 128 долларлык киреше тапты.
Түркия Статистика мекемесинин маалыматына караганда, өткөн жылы дүйнөнүн төрт тарабына 8 миң 652 тонна кофе сатылды.
Бул экспорттон түшкөн киреше 57 миллион 491 миң 128 долларга жетти.
Түркиядан экспорттолгон кофеге эң көп суроо-талап көрсөткөн өлкө Сирия болду. Өткөн жылы бул өлкөгө 10 миллион 470 миң 784 долларлык кофе жөнөтүлдү.
Сириядан кийин 8 миллион 532 миң 753 доллар менен Беларусь, 6 миллион 576 миң 522 доллар менен Орусия турат.
Америка Кошмо Штаттары, Нидерландия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Сауд Арабия жана Улуу Британия эң көп кофе экспорттолгон берки өлкөлөр болду.