Түркиядан 6 континентке керамика экспорту жасалды

Түркия жылдын биринчи жарымында алты континентке 572,5 миллион долларга жакын керамикадан жасалган буюмдарды  экспорттоду.

1263551
Түркиядан 6 континентке керамика экспорту жасалды

Түркия жылдын биринчи жарымында 6 континентке 572,5 миллион долларга жакын керамикадан жасалган буюмдарды  экспорттоду.

Түркия Статистикалык Мекемеси ТҮИКтин маалыматтарына караганда Түркия бул жылы январь  -  июнь айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда керамикадан жасалган буюмдардын экспортунан 27 миллион доллардан ашуун киреше тапкан. Бул мезгилде бул буюмдардын экспорту 5 пайыздык өсүү менен 572 миллион 462 миң долларга жетти. Бул сан өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 545 миллион доллар болуп каттоого өттү.

Жылдын биринчи жарымында АКШдан Швецияга, Израилден Австралияга, Нигерден Бразилияга чейин 6 континентте 158 өлкөгө керамика сатылды.

Тизмеде биринчи орунда Европа өлкөлөрү турат. Эң көп экспорт жасалган өлкө 76 миллион 678 миң доллар менен Германия болду. Бул сан жалпы керамикадан жасалган буюмдардын экспортунун 13 пайызын түздү.

Экспортто Германиядан кийин 51 миллион 67 миң доллар менен Бириккен Королдук, 41 миллион 999 миң доллар менен АКШ, 38 миллион 891 миң доллар менен Израиль, 37 миллион 229 миң доллар менен Франция  келди.



Тектеш кабарлар