Түркиядан алгачкы 3 чейректе 110 өлкөгө автомобиль экспорттолду

Улудаг Автомобиль өнөр жай экспортчулар биримдигинин (OIB) жазууларынан алынган маалыматка караганда, Бурса, Сакария жана Кожаэли аймактарында иштеген сектордун өкүлдөрү январь-сентябрь айларында 110 өлкөгө жүргүнчү ташуучу унааларды сатышты.

1513285
Түркиядан алгачкы 3 чейректе 110 өлкөгө автомобиль экспорттолду

Түркияда иш алып барган унаа ишканалары, жылдын алгачкы 3 чейрегинде 6 миллиард 408 миллион 545 миң долларлык унаа экспорттоду.

Улудаг Автомобиль өнөр жай экспортчулар биримдигинин (OIB) жазууларынан алынган маалыматка караганда, Бурса, Сакария жана Кожаэли аймактарында иштеген сектордун өкүлдөрү январь-сентябрь айларында 110 өлкөгө жүргүнчү ташуучу унааларды сатышты.

Европа өлкөлөрү негизги экспорттук базарлардын башында турган бул сектор Францияга эң көп жеңил унаа экспорттой баштады.

Унаа өндүрүүчүлөрдүн бул өлкөгө экспорту жылдын 9 айында 1 миллиард 13 миллион 794 миң долларды түзгөн.

Тизмеде экинчи орунда турган Англияга 594 миллион 579 миң долларлык сатуу, ал эми үчүнчү орунда турган Германияга 592 миллион 487 миң доллардык экспорт жасалды.

Жеңил унаа чыгаруучулар Италияга 527 миллион 115 миң, Испания 456 миллион 295 миң, Израиль 365 миллион 23 миң, Польша 303 миллион 632 миң, Словения 299 миллион 608 миң, Бельгия 284 миллион 874 миң доллардык сатууну ишке ашырышты.



Тектеш кабарлар