Түркиядан Орусияга дагы көп помидор экспорттолот
Бул туурасында Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли маалымат берди.
1129462
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, Орусияга кирүүсүнө уруксат берилген Түркиянын помидор квотасынын 50 миңден 100 миң тоннага жогорулатылганын жарыялады.
Пакдемирли, Германиянын борбор калаасы Берлинде Дүйнөлүк азык-түлүк жана талаа чарба форумунун 11-жыйналышынын алкагында уюштурулган Талаа чарба министрлеринин конференциясына катышкандан кийин Берлиндеги Элчиликте түрк басма сөз мүчөлөрүнө маалымат берди.
Пакдемирли: «Орус кесиптештер менен жолугуштук. Эң сонун мүмкүнчүлүктөрүбүздөн бири да 50 миң тонна помидор квотабызды 100 миң тоннага чыгарган болдук»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.