Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өстү

Министр Эрсой туризм көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

1201628
Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өстү

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түркияга келген чет элдик туристтердин саны апрель айында 24 пайыз өскөнүн билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, министр Эрсой апрель айындагы туризм көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

Түркияга келген чет элдик туристтердин саны апрелде 24 пайыз өскөнүн белгилеген Эрсой, эң көп туристтин 48 пайыз менен Германиядан келгенин баса белгиледи.

Министр Эрсой: «Түркияга быйыл дагы орусиялык жана англиялык туристтер көп келип жатышат. Апрель айында германиялыктар биринчи орунду ээлесе, экинчи орунда 34 пайыз менен орусиялыктар, үчүнчү орунда 31 пайыздык өсүү менен англиялыктар турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар