Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Элчи Өмүралиев баштаган Кыргыз делегациясы Караман шаарындагы 11 түрк өнөр-жай компаниялары жана аталган шаардын атындагы Уюмдаштырылган өнөр-жай зонасы менен таанышты.

1347047
Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар
омуралиев-караман2.jpg
омуралиев-караман3.jpg
омуралиев-караман4.jpg

2020-жылдын 21-январында Караман шаарында болуп ѳткѳн бизнести өнүктүрүү боюнча Экинчи Кыргыз-Түрк иш форумунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев баш болгон делегация Караман шаарындагы 11 түрк өнөр-жай компаниялары жана аталган шаардын атындагы Уюмдаштырылган өнөр-жай зонасы менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, кыргыз ишкерлери жана Чүй жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай, айыл чарба, энергетика, курулуш жана башка өндүрүү жайлары менен таанышышты. Кыргызстандын ишкерлери өздөрүнүн түрк кесиптештери менен B2B жолугушууларды өткөрүштү.

Уюштурулган өнөр-жай зонасына баргандан кийин, ар түрдүү тармакта иш алып барган компаниялардын катышуусу менен, бул өнөр-жай зонасынын жетекчилиги жана башка кызыкдар болгон ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнү алып баруу боюнча толук пикир алмашуулар болуп ѳттү. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго элчи Кубанычбек Ѳмүралиев, депутат Эмиль Токтошев, ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Намазалиев жооп беришти, ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган кыргыз жана түрк ишкерлери ѳзүлѳрүнүн тажрыйбалары жана Кыргызстанда бизнести алып баруу тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, Кыргызстандагы туроператорлордун бирикмесинин Төрагасы Э.Мырзабеков ѳзүнүн сѳзүндѳ жыйындын катышуучуларын Кыргызстанга чакырып, ѳлкѳдѳ саякат уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Иш чарада түрк тарабынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер, «Караман» Уюмдаштырылган өнөр-жай зонасынын Башкаруу кеңешинин Төрагасы Эсат Шен жана Кыргызстанда иштеп жаткан Megamedia LTD Түрк компаниясынын башкы директору Муаммер Аккая Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды ѳнүктүрүүгѳ чакырышты.

Мраморду кайра иштетүү боюнча "Konmersan" компаниясы, сүт продукцияларын «Slava» жана күн энергиясы аркылуу суу-жылытуучу батареяларды чыгарган "Islersan" компаниялары Кыргызстанда өндүрүштүк жайларды ачуу боюнча кызыкдар экендигин, ошондой эле изилдөө жана деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе тургандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар