Түркиянын алгачкы кутурмага каршы иммундук суюктугу өндүрүлүпөт

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, ALBİLA Суюктук, биологиялык өндүрүмдөр өнөр жай жана соода акционердик коомунун комплексин кыдырып чыкты.

1158412
Түркиянын алгачкы кутурмага каршы иммундук суюктугу өндүрүлүпөт

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Эскишехирде өлкөнүн алдыңкы ишкер айымдарынан турган «40 периште инвестор» курган ALBİLA Суюктук, биологиялык өндүрүмдөр өнөр жай жана соода акционердик коомунун комплексин кыдырып чыкты.

Варанк, бул жердеги сөзүндө комплексте Эскишехирдин Османгази университетинин так илимдер-адабият факультетинин биология бөлүмүнүн окутуучусу доц.др. Фиген Чалышкан өнүктүргөн чаян жана жылан чакканынан ууланууларга каршы өнүктүрүлгөн иммундук суюктуктарга инвестиция салынганын айтты.

Комплексте чаян жана жылан чакканынан ууланууларга каршы антисуюктук өндүрүлгөнүн билдирген Варанк: «Буюрса быйыл жылдын акырында Түркиянын алгачкы кутурмага каршы иммундук суюктугун ALBİLA өндүрөт. Бул аркылуу Түркиянын он миллиондогон доллардык импортун токтоткон болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар