Түркиянын автомобиль секторунун экспорт жаатындагы көрсөткүчү кандай?

Түркиянын экспортунун локомотиви болгон автомобиль өнөр жайы январь-октябрь мезгилинде 25 миллиард 364 миллион доллардык тышкы сатууну ишке ашырды.

1308622
Түркиянын автомобиль секторунун экспорт жаатындагы көрсөткүчү кандай?

Түркиянын автомобиль секторунун маанилүү базарларынан Нидерландия, Египет,Азербайжан,Ирак,Израиль, Сербия жана Сауд Арабияга 2018-жылы жасалган экспорту үстүбүздөгү жылдын 10 айында ашылып өттү.

Түркиянын экспортунун локомотиви болгон автомобиль өнөр жайы январь-октябрь мезгилинде 25 миллиард 364 миллион доллардык тышкы сатууну ишке ашырды.

Түркия тышкы сатуусунда 13 жылдан бери алдыңкы орунду алдырбаган автомобиль секторунда айрым өлкөлөргө экспортто көңүлдү бурган өсүүлөр болууда.

Бул сектордун үстүбүздөгү жылдын 10 айында 100 миллион доллар жана андан көп экспорт жасаган өлкөлөр иликтенгенде 7 өлкөгө тышкы сатуусу өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашты.

Автомобиль жаатында эң көп экспорт жасалган жетинчи өлкө болгон Нидерландияга январь-октябрь мезгилинде тышкы сатуу өткөн жылдын жалпысына салыштырганда 6 пайызга ашып 961 миллион 748 миң долларга жетти. Нидерландияга өткөн жылы 905 миллион 397 миң доллардык автомобиль экспорту жасалган.

Эспорт ошол эле мезгилде Азербайжанга 86 пайыздык өсүүнү көрсөтүп 116 миллион 469 миң долларга жетти. Бул өлкөгө 2018-жылы 62 миллион 635 миң доллардык автомобиль экспорту жасалган.

Январь-октябрь мезгилинде өткөн жылдын жалпысына салыштырмалуу 22 пайыздык өсүү менен 210 миллион 284 миң доллардык автомобиль экспорту жасалган Иракка 2018-жылдагы тышкы сатуу 171 миллион 820 миң доллар болчу.

Израилге болсо 10 айда 13 пайыздык өсүү менен 594 миллион 17 миң доллардык экспорт жасалды. Бул өлкөгө өткөн жылы 523 миллион 717 миң доллардык экспорт жасалган.

Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашкан берки өлкө болсо Сербия...Сербияга үстүбүздөгү жылдын 10 айында өткөн жылдын жалпы экспортуна (105 миллион 132 миң доллар) салыштырмалуу 11 пайыздык өсүү болуп 116 миллион 634 миң доллардык тышкы сатуу ишке ашты.

Сауд Арабияга экспорт 1,5 пайыздык өсүү менен 136 миллион 311 миң доллардан 138 миллион 336 миң долларга, Египетке да сатуу 1 пайыздык жогорулоо менен 304 миллион 680 миң доллардан 307 миллион 17 миң долларга чыкты.



Тектеш кабарлар