Түркиянын автоунаа өнөр жайы өнүгүүдө

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын көрсөткүчтөрү.

1466884
Түркиянын автоунаа өнөр жайы өнүгүүдө

Автоунаа өнөр жайы, өткөн айда 2 миллиард 201 миллион 411 миң доллар менен эң көп экспорт кылган сектор болду.

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) көрсөткүчтөрүнө караганда, автомобиль тармагы июль айында 2 миллиард 201 миллион 411 миң долларлык экспортту ишке ашырды.

Автоунаа өнөр жайынан кийин 1 миллиард 812 миллион 845 миң доллар менен даяр кийим, 1 миллиард 582 миллион 528 миң доллар менен химиялык заттар жана буюмдар турат.

Эң көп экспорт кылган алдыңкы үч өлкө 1 миллиард 458 миллион доллар менен Германия, 963,4 миллион доллар менен Англия жана 941,5 миллион доллар менен АКШ болду.



Тектеш кабарлар