Түркиянын бал экспорту

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Саффет Калёнжу, Түркиядан жылдын биринчи 2 айында 29 өлкөгө бал экспорттолгондугун айтты.

2114230
Түркиянын бал экспорту

Түркиянын 2 айлык бал экспортунун кирешеси 5,1 миллион доллар болду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Саффет Калёнжу, Түркиядан жылдын биринчи 2 айында 29 өлкөгө бал экспорттолгондугун айтты.

Январь-февраль мезгилинде бал экспортунун 1256 тоннага жеткенин белгилеген Калёнжу, бул экспорттон 5 миллион 179 миң 996 долларлык киреше түшкөнүн маалымдады.

Калёнжу эң көп экспорт кылган үч өлкөнүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Германия жана Улуу Британия экенине көңүл буруп: «Бал экспортубузда 1 миллион 944 миң 149 доллар менен АКШ биринчи орунда. АКШдан кийин 1 миллион 73 миң 904 доллар менен Германия жана 265 миң 531 доллар менен Улуу Британия турат. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Азербайжан, Канада, Оман, Малайзия, Түндүк Македония, Франция, Венесуэла, Швейцария жана Ливанга да бал экспорттолду»,- деди.



Тектеш кабарлар