Түркиянын чай экспорту

Жылдын 9 айында Ризеден 29 өлкөгө 6 миллион 428 миң 49 доллар чай экспорттолду.

1511823
Түркиянын чай экспорту

Жылдын 9 айында Ризеден 29 өлкөгө 6 миллион 428 миң 49 доллар чай экспорттолду.

Чыгыш Кара Деңиз Экспортчулар Ассоциациясынын маалыматтарына ылайык, жылдын январь - сентябрь айларында Түркиядан 3109 тонна чай экспорттолуп, 12 миллион 182  162 доллар киреше алынган.

Чай экспорту көлөмү жактан өлкө боюнча 65 пайызды жана наркы боюнча 53 пайызды Ризедеги фирмалар ишке ашырышты.

Бул мезгилде Ризеден 29 өлкөгө 2 миң 23 тонна чай экспорттолуп  6 миллион 428 миң 49 доллар киреше алынды.

Чай экспорттолгон өлкөлөрдүн катарында Бельгия, Америка Кошмо Штаттары жана Сауд Аравия бар.

Жылдын 9 айында Бельгияга 3 миллион 733 миң 236 доллар, АКШга 558 миң 488 жана Сауд Арабияга 335 миң 292 доллар чай экспорттолгон.

Өткөн жылдагы 9 айдан айырмаланып, Швейцария, Катар, Болгария, Иордания, Япония, Панама, Мальта, Түндүк Македония Республикасы, Тажикстан жана Тайванга чай экспорттолду.



Тектеш кабарлар